Кыргызстанда кызамык оорусуна чалдыккандардын 81% эмдөөдөн өткөн эмес
RU

Кыргызстанда кызамык оорусуна чалдыккандардын 81% эмдөөдөн өткөн эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлиги кызамыкка каршы өз убагында эмдөөнүн маанилүүлүгүн эскертет. Бул тууралуу ведомствонун расмий сайтында айтылат.

Ошол эле учурда мекеме бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Улуу Британияда, Австрияда, Түркияда, Сербияда, Арменияда, Тажикстанда, Россияда жана Казакстанда кызамык оорусунун көбөйгөнүн белгилейт.

"COVID-19 пандемиясынын учурунда профилактикалык эмдөө менен камтуунун төмөндөшү дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда оорунун көбөйүшүнө негизги ролду ойноду", - деп айтылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык менен катталгандардын саны 1001ге жетип, ооругандардын көбү (81%) кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн эмес. Эмдөөдөн өтпөгөн топтун ичинен 29% жаш курагынын жетишсиздигинен (6 жана 8 ай) эмдөөдөн өтүшкөн эмес, 33% эмдөөдөн баш тартышкан, 8% медициналык себептерден, 1,3% миграциялык факторлордон, 10%ы эмдөөдөн өткөн эмес. Алардын эмдөө алганы же албаганы белгисиз.

Көбүнчө 394 учур Ош облусунда аныкталган.

Ошондой эле, чоңдордун арасында кызамык жуктургандар аз экени белгиленет.

Саламаттык сактоо министрлигин кызамыкка карата эмдөө бир жашка чейинкилер арасында, ал эми ревакцинация 6 жашта алынаарын эскертет.

Кызамыкты атайын дарылоо жок, бирок эмдөө менен ооруну алдын алууга болот. Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык ата-энелерди жана камкорчуларды балдарын кызамыкка каршы эмдөөнүн зарылдыгына көңүл бурууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13291