Күч органдары Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармашты (видео)
RU

Күч органдары Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармашты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Опузалап акча талап кылган деген шек менен Уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү К.Асанбек кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы кармалган жеринен видео менен бөлүштү.

Кармалган Н.С.Т., укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, мурда бир нече жолу соттолгон жана К. Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат.

Ал 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым жана коркутуу жолу менен бир жарандын "Мерседес S50" үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң долларын күч менен тартып алган деп айыпталууда.

Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13294