Билим берүү министри Россияга иш сапар менен жөнөп кеткен
RU

Билим берүү министри Россияга иш сапар менен жөнөп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган делегация иш сапары менен Орусия Федерациясына барды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой министр иш сапарынын алкагында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Орусия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

Бейшеналиев учурда Орусиянын ЖОЖдорунда 16 000дей кыргызстандык студент билим алып жатканын белгилеп, Кыргызстан жогорку билим берүүдөгү эки тараптуу кызматташуунун дагы да өнүгүшүнө кызыкдар экендигин билдирди.

"Кыргызстанда мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында өткөрүлүп келген, салтка айланып калган орусиялык ЖОЖдордун жарманкеси көпчүлүк студенттердин кесип тандоосундагы бир тепкич болуп калды. Албетте, ЖОЖдогу ийгиликтүү окуу кесиптик ийгиликке жол ачат", – деди А. Бейшеналиев өз сөзүндө.

Кыргызстандык бүтүрүүчүлөр Орусиянын ЖОЖдоруна КМШнын, чет жакта жашаган мекендештердин иштери жана эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттиктин ("Россотрудничество") Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү аркылуу тапшырышат. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жыл сайын 375тин тегерегинде бюджеттик орундар бөлүнөт. Ал эми Орусиянын ЖОЖдоруна тапшырууну каалагандардын саны 3 миңден ашат.

А. Бейшеналиев жолугушуулардын жүрүшүндө квоталардын санын 750гө чейин көбөйтүү маселесин карап чыгууну сунуштады. Алардын ичинен 200 орун педагогикалык адистиктерге, 50 орун жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга бөлүнмөкчү.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө А. Бейшеналиев эки өлкөнүн жогорку билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү максатында бир катар маселелерди карап чыгууну сунуштады:

  • Кыргыз-орус илимий фондун түзүү (Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин каржылоого багытталган мындай фонддун түзүлүүсү эки өлкөнүн илим тармагын колдоого жана өнүктүрүүгө жаңы дем берип, ошол эле учурда Орто Азияны изилдөөгө кызыккан орусиялык окумуштууларга атайын аянтча болуп бермекчи);
  • Биргелешкен билим берүү программаларын жана кош диплом программаларын ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү;
  • Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында билим алган студенттер үчүн Орусия Федерациясынын ири шаарларында жайгашкан окуу жайларда практика өтүүнү уюштуруу;
  • Эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда студенттердин жана профессордук-окутуучулук курамдын академиялык мобилдүүлүк ишин күчөтүү;
  • Эки өлкөнүн таланттуу студенттери үчүн биргелешкен жайкы лагерлерди уюштуруу;
  • Билим берүүнү санариптештирүү, жаңы көйгөйлөргө жогору технологиялык чечимдерди табуу үчүн билим берүүнү санариптик башкаруу системаларын киргизүү иштеринде кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1329