Коңшу өлкөгө тамекини мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду
RU

Коңшу өлкөгө тамекини мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда УКМКнын жан Чек ара кызматынын кызматкерлери коңшу өлкөгө тамеки алып өтүүгө аракет кылган жарандарды кармадыд. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Такталгандай, 4-6-июлда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы "Мамай" тилкесинде жана Аксы районунун Кош-Дөбө айылында 31 кутуга салынган 15 миң 500 таңгак өлчөмүндөгү (Milano маркасындагы) тамекини Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган 1981-жылы туулган С.Н.Т. жана 1987-жылы туулган К.К.И. аттуу кыргыз жарандары кармалды.

Учурда аталган фактылар боюнча 231-берененин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) жана 239-берененин (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияларды акциздик маркалары жана идентификациялоо каражаттары жок жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13301