Лейлекте нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүп, мал-жандык акты
RU

Лейлекте нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүп, мал-жандык акты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нөшөрлүү жаан-чачындан улам Лейлек районундагы Катраң айыл өкмөтүндө сел жүрүп, мал-жандык акты. Маалыматты ӨКМдан билдиришти.

Кечээ, 7-июль күнү саат 15:00 чамасында Катраң айыл өкмөтүнүн аймагында жаан жаап, Баул айылындагы сел келүүчү сай аркылуу сел суулары түшкөн. Ички чарбалык жол катары пайдаланылган сайдын айрым жерлери бузулган. 2 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген.

Айыл өкмөт башчысынын маалыматына караганда, 1 бодо мал жана 4 кой, эчкини сел суулары агызып кеткен.

Учурда сел суулары токтоп, жол каттамы үзгүлтүккө учурабаганы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13302