Чаткалда ок атышуу болуп, бир адам 8 жаракат алды
RU

Чаткалда ок атышуу болуп, бир адам 8 жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда ок атышуу болуп, бир киши жабыркады. Анын абалы өтө оор экенин Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Айтымдарында, 7-июлда Чаткал районундагы талаада атышуу болуп, анын кесепетинен 1985-жылы туулган Ж.С. жаракат алды.

Ал райондук ооруканага жеткирилип, октон 8 жаракат алганы аныкталды. Абалы өтө оор.

Туугандары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, ӨКМдан жана Коргоо министрлигинен жабырлануучуну Бишкекке жеткирүү үчүн тик учак бөлүп берүүнү суранышууда. Азырынча жооп боло элек.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: ЭкоМиР.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13303