Александр Крестинин Өзбекстандын "Бунёдкор" футбол клубун жетектеди
RU

Александр Крестинин Өзбекстандын "Бунёдкор" футбол клубун жетектеди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын экс-машыктыруучусу Александр Крестинин Өзбекстандын "Бунёдкор" футболдук клубун жетектеди. Мындай маалымат аталган клубдун сайтында жазылган.

Келишим канча мөөнөткө түзүлгөнү белгисиз. Александр Крестинин клубдун академиясы жана команданын машыгуу базасы менен таанышкандан кийин сунушту сыймыктануу менен кабыл алганын билдирди. Ал ошондой эле бардык клубдарда мындай шарттар жок экенин белгиледи.

"Мындай чоң клубдан сунуш алуу дайыма сыймык. Сүйлөшүүлөр оңой болду, бардыгы тез эле макулдашылды.

"Бунёдкордо" милдеттер так. Азыр абал оор, бирок биз клубду мурдагы позицияларына кайтарышыбыз керек - чемпиондук үчүн, жогорку орундар үчүн күрөшө тургандай кылышыбыз керек. Быйыл мүмкүн болушунча кыйыл абалды оңдошубуз керек. Максат – ар бир матчта жеңишке жетүү", - деди Крестинин Match TV"га.

Эске салсак, ушул жылдын апрель айында Александр Крестинин 2014-жылдан бери жетектеп келген Кыргызстандын курама командасынан кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13307