Быйыл өлкөнүн эгемендүүлүгү Ошто белгиленет. Даярдыктар кызуу жүрүүдө
RU

Быйыл өлкөнүн эгемендүүлүгү Ошто белгиленет. Даярдыктар кызуу жүрүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы Ош облусунда белгиленет. Даярдык иштери менен президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев жеринде таанышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар инфраструктуралык объектилер реконструкцияланууда жана жаңы курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

  • "Алымбек-Датка" этнографиялык комплекси, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө. Мында 57 метр узундуктагы мамлекеттик тууну орнотуу боюнча иштер аткарылууда.
  • Ош мамлекеттик университетинин айланасы реконструкцияланууда. Мында мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдык мааракесине карата анын эстелигин тургузуу пландалууда.
  • С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасы, А. Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадиону, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн ат майданы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Көчмө жыйынды жетектеген Айбек Джунушалиев Ош шаарынын борбордук аянтында өткөрүлө турган иш-чаралардын даярдыктары менен дагы таанышып, бардык иштержи ыкчам жүргүзүүнү тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13308