КЭДП Бишкек шаардык кеңештин шайлоосунан четтетилди
RU

КЭДП Бишкек шаардык кеңештин шайлоосунан четтетилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгун, 19-апрелде КЭДП шайлоодон четтетилгени белгилүү болду. Бул маалыматты Kaktus.media'га Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясы тастыктады.

Бишкектин АШКсы берген маалыматына ылайык, аларга УКМКдан жана ИИМден добуштарды сатып алуу тууралуу эки материал келип түшкөн. Биринчиси, багажникке салынган акчага байланыштуу, ал эми экинчиси талапкер тараптан шайлоочулардын добушун сатып алууга байланыштуу.

"КЭДП партиясынын ыйгарым укуктүү өкүлү партияны толугу менен эмес, материалдын ишинде аты аталган тизмедеги эки талапкерди - Ислам Мусабеков жана Мурадыл Касымовду гана четтетүүнү суранды", - деп Бишкектик АШК айтып берди.

Мыйзам боюнча, партия бул чечимди БШКга кайрылып талаша алат. Эгер анын чечими партиянын канааттандырбаса, анда сотко кайрылууга акысы бар.

Бишкекте өткөн шайлоо күнүндө, 11-апрелде, Бишкек шаардык кеңешке катышкан партиянын үгүтчүлөрүнүн бири №1208 жана №1211 шайлоо участокторунан алыс эмес жерден шайлоочуларга акча тараткан, деп шектелген.

Күбөлөрдүн берген маалыматына ылайык, шектелүүчүлөрдүн багажнигинен акча табылган, ал каражат добуштарды сатып алууга багытталган имиш. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери бар. КЭДП партиясы эч качан шайлоочулардын добушун сатып албаганын билдиришти.

"Акча салынган машинени камакка алуусу тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Бирок, анда акчага толгон эч кандай багажник көрсөтүлбөйт. Факт боюнча ал жерде эч кандай акча болгон эмес, болбойт дагы. Ким кимди сатып алуу аракетин көрүп жатканы да түшүнүксүз", - деп партия билдирген.

Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, Бишкек шаардык кеңешке алты партия өткөн, алар: "Эмгек", "Ак Бата", КЭДП, "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" жана "Биздин эл".

Эгер КЭДП ат салышуудан четтетилсе, алардын мандаттары калган беш партиянын ичинен бөлүштүрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1330