Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова Монголияга учуп кетишти
RU

Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова Монголияга учуп кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-июлда Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекеттик визиттин алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух, премьер-министр Лувсаннамсрейн Ойун-Эрдэнэ, Жогорку Кеңештин төрагасы Гомбожавин Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ошондой эле башка бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

  • Айгүл Жапарова - президенттин жубайы;
  • Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;
  • Эдил Байсалов - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
  • Муратбек Азымбакиев - Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Айбек Артыкбаев - Кыргызстандын Монголиядагы элчиси;
  • Алтынбек Максүтов - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
  • Тилек Текебаев - Транспорт жана коммуникациялар министри;
  • Данияр Амангелдиев - Экономика жана коммерция министри;
  • Умбриэль Темиралиев - Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору;
  • Эмилбек Абдыкадыров - Бишкек шаарынын мэри;
  • Самат Насирдинов - Айыл чарба министринин орун басары;
  • Эмил Осмонбетов - Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13311