Ош шаарындагы коомдук тамактануучу жайда жарылуу болуп, бир киши каза тапты
RU

Ош шаарындагы коомдук тамактануучу жайда жарылуу болуп, бир киши каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы коомдук тамактануучу жайда жарылуу болуп, анын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына түштүк борбордун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, бүгүн, 9-июлда саат 16:00дөр чамасында Ош шаарындагы Мамыров көчөсүндөгү коомдук тамактануу жайларынын биринде жардыруу болуп, бир адам каза болгону тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Жеринде газ баллон жарылып кеткени аныкталып, каза болгон жаран 1987-жылы туулган Ш.Н.экени тастыкталган.

Бул факты боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Кызматкерлер суракка алынып, кафе жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо маселеси каралууда.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13319