Айдоочу велосипедчен жаранды сүзүп кеткен. Жабырлануучу толук маалымат берди. Видео
RU

Айдоочу велосипедчен жаранды сүзүп кеткен. Жабырлануучу толук маалымат берди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шайтан араба тээп бара жаткан Бишкек шаарынын тургуну Абилхан Абдимажитовду айдоочу атайлап сүзүп кеткен. Окуянын чоо-жайын жабырлануучу Kaktus.media сайтына айтып берди.

Анын айтымында, 7-июль күнү ал жолдун оң тарабында келе жатканда аркасында келе жаткан унаа белги (сигнал) бере баштаган. Жыйынтыгында унаа шайтан араба менен кетип бара жаткан жаранды сүзүп, ал кулап түшкөн.

"Жыгылгандан улам денем кичине көгөрүп калды. Ал мени атайылап сүздү. Агрессивдүү экен", - деди Абдимажитов.

Ал кошумчалагандай, бүгүн, 10-июлда айдоочу милицияга өз ыктыяры менен келерин айткан.

Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, кечээ, 9-июлда шайтан арабада кетип бараткан жаранды сүзүп кеткен айдоочунун унаасы токтотулган. Бүгүн, 10-июлда эртең менен милиция кызматкерлери тергөө кызматына айдоочу 1979-жылы туулган С.Р.ны алып келди.

Учурда айдоочу күнөөсүн мойнуна албай жатканын Kaktus.media булактары билдирди. Ал велосипедчен жаранды сүзүп кеткенин көргөн эмес, бул тууралуу маалымат каражаттарынан гана билгенин ишендирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13323