Бишкектин борборунда өзгөчө жаңы аялдама пайда болду. Сүрөттөр
RU

Бишкектин борборунда өзгөчө жаңы аялдама пайда болду. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Абдрахманова жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги коомдук транспорт аялдамасын демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, долбоор боюнча ал ысыкта кондиционер, кышында жылытуу системасы бар жабык аялдама павильону болот. Ошондой эле коомдук транспорттун маршруттарын декоративдик дисплей, жарнак жарык кутусу жана маалыматтык LED сенсордук экраны каралган.

Долбоор Биринчи Май районунун мэриясы менен "Бакай Банк" ААК ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууда.

"Мындан тышкары, акимчилик аялдаманы панорамалык жана түнкү видеотартуу мүмкүнчүлүгү менен "Коопсуз шаар" системасынын видеокамералары менен жабдууну, ал менен бир нече ондогон метр радиуста болуп жаткан нерселердин баарын көргөзүүгө мүмкүн болгон видеожабдууларды коюуну пландаштырууда. Анда Wi-Fi жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандус орнотулат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы аялдаманы жылдырып, тротуарды кеңейтип, бордюрларды орноткон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13330