Маршруткада сөгүнүп, "айбансыңар" деген жаранга каршы сотко чейинки өндүрүш башталды.Видео
RU

Маршруткада сөгүнүп, "айбансыңар" деген жаранга каршы сотко чейинки өндүрүш башталды.Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маршруттук таксиде банк картасы жабылып калганы үчүн ызы-чуу салып, "айбансыңар", "Эртең Путинге чөгөлөп келесиңер!", "Россияны сыйлабайсыңарбы?!" деп жүргүчүлөргө агрессиясын көргөзгөн жаранга карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы kaktus.kg редакциясына маалымдады.

Маалым болгондой, бул факты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын журналына катталды.

"Тергөөгө чейинки иштер башталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалат. Анын жыйынтыгы менен видеодогу адамдардын аракетине тиешелүү баа берилет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, социалдык тармактарда маршрутканын ичинде банк картасы иштебей, жанында отурган жүргүнчүлөргө агрессия көргөзүп, сөгүнгөн адамдын видеосу коомчулукта талкуу болуп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13333