Бир айдан кийин WhatsApp абоненттерин "өчүрө" баштайт
RU

Бир айдан кийин WhatsApp абоненттерин "өчүрө" баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-майда дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу WhatsApp мессенджери колдонуучуларына тандоо сунуштайт - сервистин жаңы шарттарын кабыл алуу же баш тартуу, бул тууралуу "Российская газета" жазды.

WhatsApp жаңы шарттарын кабыл алган абоненттер мурункудай эле сервис менен колдоно беришет. Ал эми жаңы шарттардан баш тарткандар үчүн тиркеменин функционалы менен колдонууда чектөөлөр жаралат.

WhatsApp белгилегендей, мындай колдонуучулардын учеттук жазышуулары өчүрүлбөйт. Бирок алар билдирүүлөрдү жөнөтө алышпайт жана аларга жөнөтүлгөн билдирүүлөрдү окуй албай калышат. Мессенджер аркылуу телефон чалууларды гана кабыл алса болот. Мындай көрүнүш жаңы шарттарды кабыл алганга чейин созула берет, деп гезит жазды. 15-майга чейин колдонуучулар жазышкан чаттарын Android жана iPhone'го көчүрө алышат.

WhatsApp колдонуунун жаңы эрежелери боюнча колдонуучулардын мурункуга салыштырмалуу көбүрөөк данныйларын энелик компания Facebook'ка өткөрүп берет. Мындай аракет ушул жылдын кыш айларында эле көрүлгөн, бирок колдонуучулар тараптан кескин сын пикирлер айтылгандыктан сервис кийинкиге жылдырып койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1333