Президент менен биринчи айым Монголиянын улуттук майрамында ардактуу конок болушту
RU

Президент менен биринчи айым Монголиянын улуттук майрамында ардактуу конок болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова Монголиянын улуттук Наадам майрамынын ачылышына катышты. Президенттин администрациясы кабарлагандай, бүгүн, 11-июлда Улан-Батор шаарындагы Улуттук стадиондо өтүп жаткан улуттук майрамда өлкө башчы менен биринчи айым ардактуу конок болушту.

Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух куттуктоо сөз менен чыгып, Тогуз ак бунчукка таазим кылып, Наадам майрамынын башталышын расмий жарыялады.

Наадам жыл сайын Монголиянын ар тарабында белгиленип, бул майрамда салттуу ат чабыш, күрөш жана жаа атуу мелдештери өткөрүлөт.

Чакырылган коноктор жана бардык катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланып, бий өнөрү, ат жалында чеберчилик жана башка көптөгөн номерлер менен коштолду.

Белгилесек, Монголияга болгон иш сапардын алкагында 10-июлда Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова "Чыңгызхан" музейине барышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13352