Мурдагы элчи, экс-министр Жаныш Рустенбеков каза болду
RU

Мурдагы элчи, экс-министр Жаныш Рустенбеков каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик, саясий ишмер, дипломат, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рустенбеков узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда анын жакындары билдирди.

Рустенбеков 1949-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Октябрь айылында туулган.

  • 1993-1995-жылдары мамлекеттик катчы, президенттин аппаратынын жетекчиси болуп иштеген.
  • 1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болгон. Кийин өкмөткө караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттигин жетектеген.
  • 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгон. 2005-2007-жылдары - Өзгөчө кырдаалдар министри.

Кошумчалай кетсек, Рустембеков Кыргызстандын Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстандагы элчиси да болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13354