Коңшу өлкөнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Бишкектен кармалды
RU

Коңшу өлкөнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Бишкектен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандагы уюшкан кылмыштуу топтун издөөдө жүргөн мүчөсү Бишкектен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарында 1988-жылы туулган О.И.О. кармалды. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 2019-жылы Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү мунай скважинасынан мунай уурдоону уюштурганы аныкталган. Жыйынтыгында кылмыш иши козголуп, андан кийин Казакстан Республикасынын уюшкан кылмыштуу тобунун О.И.О. аттуу мүчөсүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Ошондой эле О.И.О. опузалоо жолу менен У.С.М. аттуу жарандын 760 миң долларын ээлеп алган. Буга байланыштуу О.И.О. уюшкан топтун курамында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында тергөө органдарынан жашынып, андан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

Мындан тышкары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү О.И.Ого Кыргыз Республикасынын жарандыгынын берилишинин мыйзамдуулугу жана ошондой эле аны коргоп жүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери аныкталууда.

Учурда О.И.Онун Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13357