Ошто ресторандын алдында ызы-чуу чыгып, ок атылган. Милиция маалымат берди
RU

Ошто ресторандын алдында ызы-чуу чыгып, ок атылган. Милиция маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында мушташ болуп, ок атылганы боюнча видео соцтармакка тарады. Окуя "Эне-Сай" ресторанынын алдында болгону айтылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуя 2023-жылдын 2-июль күнү болгонун Kaktus.kg сайтына билдирди.

"Бул факты маалыматтардын электрондук журналына катталган. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө ок аткан жаран Ош шаарынын 1993-жылы туулган С.А. аттуу тургуну экендиги такталып, тергөөгө камсыздалып, травматикалык ок атуучу куралы далил буюм катары алынган. Такталгандай, тойкананын алдында ызы-чуу салгандарды тынчтандыруу максатында 30 жаштагы С.А. асманга ок чыгарган.

Травматикалык ок атуучу курал мыйзамдуу түрдө С.Ага катталган.

Бүгүнкү күндө күбөлөр суралып, иликтөө амалдары жүрүп жатат", - дешти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13359