Суу көп ичип, күнгө чыкпаганга аракеттениңиз! Мээ кайнаткан ысыктан сактануунун жолдору
RU

Суу көп ичип, күнгө чыкпаганга аракеттениңиз! Мээ кайнаткан ысыктан сактануунун жолдору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда алдыңкы күндөрү өтө ысык болорун синоптиктер улам эскертип жатышат. Мындан улам адистер элге ысыктан сактай турган эрежелерди сунуш кылып жатышат.

12-14-июль күндөрү бир катар аймактарда 36…41 градуска чейин жетери кабарланды.

Алардын бири Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери "Сак-саламат" Telegram каналы берген кеңештер.

Аптаптан сактануунун жолдору:

  • Күн түз, ачуу тийген жерден оолактап, көлөкөдө болуңуз. Көчөгө чыгууну чектеңиз. Күн саат 12:00дөн 17:00гө чейин катуу ысыйт, бул учурда салкын жерде болууга аракет кылыңыз;
  • Кенен, синтетикадан жасалбаган ачык түстөгү кийим кийиңиз, кол чатыр колдонуңуз. Себеби мындай учурда синтетика тери ооруларын пайда кылышы мүмкүн;
  • Ар жарым саат сайын суу ичип туруу зарыл. Суюктуктун көбүрөөгү жакшы. Бирок өтө муздак болсо ооруп калышыңыз ыктымал. Айтор, абайлаңыз. Минералдык суу, лимон кошулган муздак көк, кара чай ашыктык кылбайт;
  • Мындай аптаптуу ысыкта арак-шараптан алыс эле болуңуз;
  • Тез-тез душка түшүп же сүлгүнү, шейшептин айрындысын муздак сууга малып денени аарчып турган да жакшы;
  • Түшкөнгө тыюу салынган көлмөлөргө барбай эле коюңуздар;
  • Күндөн сактоочу кремдерди колдонуңуз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13366