"Азаттык" боюнча соттук иш токтотулду. Тараптар тынчтык келишимине кол коюшту
RU

"Азаттык" боюнча соттук иш токтотулду. Тараптар тынчтык келишимине кол коюшту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Азаттык Медиа" чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес маалымат камтыган материалды бардык ресурстарынан өчүрдү, соттук териштирөөлөр токтоду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри маалымдады.

""Азаттык Медиа" басылмасы анык эмес маалымат камтыган 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү "Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ" аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү", - деп айтылат маалыматта.

Буга ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту, "Азаттык Медиага" карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат.

Тийиштүү тынчтык келишими бүгүн, 12-июлда, Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" сайтынын ишин убактылуу токтоткон.

Ал эми, "Азаттык" кыргыз кызматынын Бишкектеги бьюросу "Эркин Европа/Азаттык" медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу, контент узак мөөнөткө сакталбай турганын маалымдады.

"Буга ылайык, доо арызга байланыштуу сөз болгон видео "Эркин Европа/Азаттык" веб-сайттарында жеткиликтүү эмес.Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине "Азаттыктын" сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-апрелде Ленин райондук соту "Азаттык Медиасын" жабуу чечимин чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13373