Казакстанда чагылган түшүп, анын кесепетинен 26 жылкы өлдү. Видео
RU

Казакстанда чагылган түшүп, анын кесепетинен 26 жылкы өлдү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жамбыл облусунда бир үйүр жылкы чагылган түшүп өлдү. Малынан ажыраган айыл тургундары азыр чыгашага учурап, кантип күн көрөрүн билбей калышты, деп жазат 24.kz.

Жабыркаган малдардын ээлеринин бири 20 жылдан бери багбанчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Эки жыл мурун 3,5 миллион теңгеге (700 миң сомго жакын) жеңилдетилген насыя алып, жылкы сатып алган. Бирок чагылган анын малын кырып салгандыктан, сарай ээн калган. Дыйкан мындай абал облуста биринчи жолу болуп жатканын айтат.

"Мен айылдагы тамымды жана дагы бир үйдү күрөөгө койдум. Насыя алдым, жылкы сатып алдым. Албетте, эч нерсем жок калат деп ойлогон эмесмин. Келтирилген зыян беш миллион теңге. Эмне кылыш керек. Айылдагы үйүмдү тартып алышса, мен үй-бүлөм менен кайда жашайм? - деген мал ээси.

Ал киши менен бирге дагы жети үй-бүлө ушундай абалга туш болушкан. Жалпысынан 26 жылкы чагылган тийип өлгөн. Айылдыктардын бирден-бир киреше булагы мал болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13374