Транспорт жана турак жай салыгын төлөө мөөнөтү жакындап калды. Бийликтин эскетүүсү
RU

Транспорт жана турак жай салыгын төлөө мөөнөтү жакындап калды. Бийликтин эскетүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертүүдө.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

  • транспорт каражатына салык;
  • турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);
  • үй жанындагы, бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Салыктарды салык органына барбай эле онлайн төлөөгө болот.

Салык төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл. Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район же шаар, ээсинин ИННи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы, турак жай жана үй жанындагы жер участоктун салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, ээсинин ИННи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13376