"Бай-Түшүм" банкы "Дордой" соода-базар комплексинде кеңсе ачты
RU

"Бай-Түшүм" банкы "Дордой" соода-базар комплексинде кеңсе ачты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын 5-июлунда Борбордук Азиядагы эң ири "Дордой" соода-базар комплексинин аймагында жайгашкан "Дордой – Азия" соода борборунда "Бай-Түшүм" банкынын кеңсесинин ачылышы болуп өттү.

Банктын заманбап кеңсеси кардарларга жана конокторго күнүмдүк каржы маселелерин тез жана ыңгайлуу чечүүнү сунуштайт. Ишкерлердин ишенимдүү өнөктөшү болуу менен, "Бай-Түшүм" Банкы салттуу түрдө финансылык менеджментте колдоо көрсөтүп, коопсуздукту камсыздап, заманбап төлөм кызматтарын камсыз кылат.

"Дордой базарына 30 жыл толду жана көпчүлүк ишкерлер банктык кызматтардын сапатын баалай алышат. Алар коопсуздукту, ылдамдыкты жана ишенимдүүлүктү биринчи орунга коюшат. Эми алар "Бай-Түшүм" банкына кайрылып, ар кандай каржылык көйгөйлөрдү чече алышат", - деди кеңсенин ачылышында "Бай-Түшүм" Банкынын башкармалыгынын төрагасы Улан Базаркулов.

"Бай-Түшүм" кеңсесинде ишкерлер жана базарга келген коноктор үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, банктык эсепти ачуу жана жүргүзүү, мөөнөттүү аманаттарды ачуу, өлкө боюнча жана чет өлкөлөргө акча которууларды жөнөтүү, бизнести насыялоо, ошондой эле керектөөчү насыялардын түрлөрү сыяктуу, бардык финансылык кызматтар жеткиликтүү.

Банк финансылык кызматтарды өнүктүрүүгө, банктын филиалдык тармагын кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу "Бай-Түшүм" банкынын акционери Жумабек Салымбеков айтып, бардык ири базарларда жана соода борборлорунда өкүлчүлүктөрдү ачуу пландалып жатканын белгиледи.

"Миңдеген ишкерлер сапаттуу финансылык кызматтарды алышат. Биз үчүн алардын ийгиликтүү иштеп, бизнесин өнүктүрүүсү маанилүү. Анткени, ушундай жол менен алардын ар бири Кыргызстаныбыздын экономикасына салым кошо алат", - деп белгиледи Ж. Салымбеков.

Бүгүнкү күндө "Бай-Түшүм" Банкы өлкө боюнча 65-тен ашык кеңселери бар. "Бай-Түшүм" Банкы өз кардарларына тез жана ыңгайлуу тейлөө көрсөтүүгө умтулат.

Эгерде сиз "Дордой" соода борборуна соода кылуу үчүн келген болсоңуз жана төлөм картасынан акчаны кайдан накталай алууну же валюта алмаштырууну билбей жатсаңыз, анда Кожевенная көчөсү, 1 дареги боюнча жайгашкан "Дордой Азия" соода борборундагы "Бай-Түшүм" банкынын кеңсесине кайрылыңыз. Бул жерде туруктуу жана жаңы кардарларга ар дайым эшик ачык.

Кош келиңиз!

Байланыш борбору: 24/7

Т.: 312/554/770/701 905 805

www.baitushum.kg

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13380