Ошто каналдан эки баланын сөөгү табылды
RU

Ошто каналдан эки баланын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто Түштүк каналга эки бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 11-июлда диспетчердик кызматка Кара-Суу районунун Шарк айылында 2014-жылы жана 2016-жылы туулган эки бала Түштүк каналга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Балдардын сөөгү эртеси гана Айгай аймагынан табылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы балдарды суу объектилеринин жанында кароосуз калтырбоо керектигин эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13382