Кумар оюндары уюштурулган 47 жай жабылып, кылмыш иши козголду
RU

Кумар оюндары уюштурулган 47 жай жабылып, кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген жайлар аныкталды. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган оюн-зоок жайлары иштеп, интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган.

Бул факты боюнча 222-берененин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана оюнга катышкандар суракка алынып, компьютердик техникалар алынды.

Бугүн күндө 47 бинардык опциондор жабылды:

  • Бишкек шаарындагы И.Ахунбаев, Дэн Сяопин, Б.Бейшеналиева, Чүй, Ю. Фучик, Ж.Абдрахманов, Байтик Баатыр, А.Сүйөркулов, Жибек Жолу көчөлөрүндөгү;
  • Чүй облусунун Сокулук, Ысык-Ата райондорундагы;№
  • Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова, Сузак районунда Дакан жана Юнусов көчөлөрүндөгү;
  • Ош шаарында Курманжан датка, Ленин, А. Масалив, Г.Айтиев көчөлөрүндөгү;
  • Ош облусунун Кара-Суу районундагы оюн-зоок жайлары жабылып, жарнамалык тактайчалар алынды.

Аталган факты боюнча тергөө иштери уланууда.

Белгилесек, 10-июлда Аваз Номанов атту интернет колдонуучу Ош шаарында "RingoTrade" аталыштагы кумар ойноочу жай иштеп жаткандыгын, анда акчаларын уттургандар бар экенин видеого тарткан. Бул боюнча Ош ШИИБи тарабынан текшерүү башталганы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13410