17-19-июлда аномалдуу ысык болот
RU

17-19-июлда аномалдуу ысык болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул кабар таратып, 17-19-июль күндөрү өлкөдө аномалдуу ысык болорун маалымдады.

Ага ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 35…40 градуска чейин, Талас облусунда 33…38 градуска чейин болушу күтүлөт.

Мындай кургак ысык аба-ырайында зарылчылык болбосо сыртка чыкпоого аракет кылуу керек. Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13413