Кыргызстандык футболчу Алимардон Шүкүрөв UEFA лигасында гол жаратты
RU

Кыргызстандык футболчу Алимардон Шүкүрөв UEFA лигасында гол жаратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 13-июлда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргочусу Алимардон Шүкүров еврокубокто гол жаратты. Бул туурауу Кыргыз футбол федерациясынан маалымдашты.

Эске салсак, учурда улуттук кураманын жарым коргоочусу белорусиялык Неманда 2021-жылдан бери ойноп келет. Команда Конференция Лигасынын квалификациясынын биринчи турунан баштады.

Шүкүров ойногон клуб Лихтендштейндин "Вадуц" клубуна каршы ойноп жаткан. Эсеп 1:1 болуп, 82-мүнөткө жеткенде Шүкүров гол жаратып, командасын жеңиш алып келди.

***

Белгилей кетсек, Алимардон Шүкүров Европа лигасында гол жараткан экинчи кыргызстандык. Буга чейин улуттук кураманын чабуулчусу Гүлжигит Алыкулов дагы казакстандык "Кайрат" клубунда ойноп жүргөндө Ефролигада гол жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13419