Кыргызгидромет: Бишкекте 13-июлда температуранын рекорду жаңыланды
RU

Кыргызгидромет: Бишкекте 13-июлда температуранын рекорду жаңыланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында кечээ, 13-июлда абанын орточо суткалык температурасы климаттык нормадан 6,7°C жогору болду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Белгиленгендей, борбордо 13-июлда күндүз абанын максималдуу температурасы +40°C болду.

"1992-жылы байкалган Бишкектеги абар-ырайынын ысышынын абсолюттук максималдуу +38,9 градус цельсия болгон. 13-июнда бул сандар өзгөрүп, 40 градусту түздү. 14-июлда түнкүсүн абанын минималдуу температурасы +23°C болгон", - деп билдиришти атамекендик синоптиктер.

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-июлда күндүз абанын максималдуу температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 37…40°, Талас өрөөнүндө 36…39°, Талас өрөөнүндө 28…33° ысыган. Ысык-Көл менен Нарын облусунун дыйканчылык зонасында 32...35°C түзгөн.

Абанын төмөнкү температурасы 14-июлда түнкүсүн Чүй өрөөнүндө 19…23°, Жайыл районунда 27°, Таласта 16…17°, Ошто 19…27° жылуу болот. Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көлдө 12...17°C, ал эми Нарын облусунун дыйканчылык зонасында 9...15°C жылуу болот.

Ош шаарында абанын максималдуу температурасы 13-июлда күндүз 39°C, эң төмөнкү температура 14-июлда түнкүсүн +24°C болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13421