Чолпон-Атада көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпионаты өтөт
RU

Чолпон-Атада көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпионаты өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясынан билдиришти.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш үч форматта болот. Ага 8 өлкөдөн келген 12 команда катышат.

  • Кыргызстан менен Казакстандын алдыңкы 4 командасы;
  • Дүнөлүк 12 клуб арасында;
  • Кыргызстан менен Казакстандын 45 жаштан жогорку оюнчуларынан турган командалар арасында мелдеш болот.

Катышуучулар:

  • АКШ;
  • Казакстан;
  • Өзбекстан;
  • Венгрия;
  • Tүркия;
  • Монголия;
  • Россия;
  • Кыргызстан.

Турнир 13-августтан 20-августка чейин өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13441