Алясканын жээгинде 7,3 баллга жеткен жер титиреди. Аймакта цунами коркунучу жарыяланды
RU

Алясканын жээгинде 7,3 баллга жеткен жер титиреди. Аймакта цунами коркунучу жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аляска жарым аралынын жээгинде күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу 16-июлда АКШнын Геологиялык кызматы билдирди.

Кызматтын маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу 1 миңдей адам жашаган Санд Пойнт конушунан түштүккө карай 106 чакырым алыстыкта ​​болгон.

Аляска жарым аралынын жээгинде күчү 7ден ашкан жердин силкинүүсүнөн улам аймакта цунами коркунучу жарыяланды деп жазды Nexta.live өзүнүн телеграмканалында.

Жер титирөөнүн очогу 9,3 км тереңдикте жайгашкан IA Regnum агенттиги кабарлаган.

Эске салсак, 9-июлда Соломон аралдарынын жээгине жакын жерде күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу Гизо шаарынан 114 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.Ага чейин Азербайжандын жээгинде Каспий деңизинде күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.

"Жер титирөөнү өлкөнүн айрым аймактарынын, анын ичинде борбор калаанын, Баку шаарынын тургундары да жердин силкинишин сезди", - деп жазылат билдирүүдө.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13449