Генералдык прокурор коррупция эң көп катталган органды атады
RU

Генералдык прокурор коррупция эң көп катталган органды атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жыл жыйынтыгы менен коррупция эң көп катталган орган - бул Мамлекеттик калкты каттоо кызматы экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин конституциялык маселелер, мамлекеттик түзүм жана соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик структуралардагы коррупция фактысы боюнча бир жылда 42 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен жетөөсүн прокуратура органдары, 32 - Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитети, 3 - Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы.

Эң көп факт Мамлекеттик калкты каттоо кызматында катталган. Бул ведомство биринчи орунда. Кийинки орунда - Транспорт жана жол министрлиги, андан кийин - Ички иштер министрлиги, Билим берүү министрлиги, Социалдык өнүктүрүү министрлиги.

"Бул органдар жарандар менен түздөн-түз иштеп, аларды тейлешет. Ошондуктан коррупциялык схемаларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүк жогору", - деп Курманкул Зулушев белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1344