Неймар Англиянын Премьер-Лигасына өтүшү мүмкүн
RU

Неймар Англиянын Премьер-Лигасына өтүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ПСЖнын чабуулчусу Неймар Англиянын Премьер-Лигасына өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Eurofootbol.ru жазып чыкты.

Анда ПСЖнын чабуулчуларынын жылдыздуу үчилтиги эчак эле таркап жатканы айтылат. Алсак, Лионель Месси Интер Майамиге кетти. Килиан Мбаппе ушул жайда Парижден кетип калышы мүмкүн, ал буга чейин Реал Мадридге өтөөрү күтүлүп жатканы айтылган. Эми үчүнчү жылдыз чабуулчу Неймар дагы ПСЖдан кетиши мүмкүндүгү белгиленген.

Басылманын маалыматына караганда, бразилиялык футболчу дагы эле "Челсинин" радарында. Лондондук клуб азыр мындай трансфердин мүмкүндүгүн, өзгөчө каржылык жактан изилдеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13450