Бишкектин тургуну соцтармакка чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялаганга шектелүүдө
RU

Бишкектин тургуну соцтармакка чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялаганга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип Бишкек шаарынын тургуну кармалды. УКМКдан билдиришкендей, комитет тарабынан улуттар, аймактар жана конфессиялар аралык негиздеги сабырсыздык көрүнүштөрүнүн фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Такталгандай, Бишкек шаарынын тургуну Ч.А.С. Facebook`тагы аккаунту аркылуу чагымчыл материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган. Ал мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, сот органдары тарабынан 5 суткага административдик камакка алынган. Бирок көрүлгөн чараларга карабастан өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ч.А.С.нын мыйзамсыз аракеттерине соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, анын билдирүүлөрүндө улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле жарандардын улуту боюнча пропаганданын белгилери бар экендиги такталды.

Бул фактынын негизинде 12-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш иштин алкагында зарыл болгон ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13459