Бишкектеги ГУМ соода борборунда бомба бар делинип, имарат курчоого алынды
RU

Бишкектеги ГУМ соода борборунда бомба бар делинип, имарат курчоого алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги ГУМ соода борборунун имараты курчоого алынды. Маалыматты Свердлов РИИБден Kaktus.kg сайтына ырасташты.

Такталгандай, бүгүн, 17-июлда болжол менен саат 10:50 чамасында Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүмүнө ГУМ соода борборунун аймагында бомба бар деген билдирүү түшкөн.

Жерине ыкчам тергөө тобу барып, имаратты курчоого алышты. Ал эми соода борбордун кардарлары менен кызматкерлери эвакуацияланды. Учурда жеринде кинологдор жардыруучу затты издеп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13460