Ысык-Көлдөн Бишкекке кайткан жолдогу унаалардын тыгыны. 360 айдоочуга айып салынды
RU

Ысык-Көлдөн Бишкекке кайткан жолдогу унаалардын тыгыны. 360 айдоочуга айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдөн Бишкекке кайткан унаалардын саны абдан көп болуп, жолдо узун тыгын жаралган. Натыйжада 300дөн ашык айдоочуга айып пул салынды дешет Kaktus.kg сайтына Республикалык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан.

Аталган башкармалыктын борбордук аппаратынын өздүк курамы, Ысык-Көл жана Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек-Ысык-Көл багыты боюнча айланма жолдогу тыгындарды жөнгө салуу үчүн дем алыш күндөрүнө карабай иш алып барышты.

Транспорт каражаттарынын саны абдан көп болгондуктан каршы тилкеге чыгып, жол четинде ылдамдыкты ашырып айдоо фактылары катталды. Жалпы 353 айдоочуга каттуу ылдамдыкта айдагандыгы жана 7 айдоочуга каршы тилкеге чыккандыгы үчүн айып пулдар салынды.

Башкармалыктан айдоочуларды жолго чыгууну алдын ала мерчемдеп, ылдамдыкты ашырбай, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Башкы беттеги сүрөт: kgznk.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13471