Абакта жаткан жаран телефон аркылуу ишкерди алдап кеткен
RU

Абакта жаткан жаран телефон аркылуу ишкерди алдап кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Абакта жаткан жаран телефон аркылуу алдамчылык менен алектенгени аныкталды. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, соттолуучу ишкерди алдап, 224 миң сом зыян келтирген.

Маалыматка караганда, Панфилов районунун 35 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, телефон алдамчыларына карата чара көрүүнү суранган. Арыздануучу жеке ишкер экенин, ун сатуу менен алектенерин жана интернет аркылуу жарнамалап турарын айткан.

Июнь айынын ортосунда ага lalafo мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам байланышып, ири өлчөмдө ун сатып алуу ниетин билдирген. Ал тез эле ишкердин ишенимине кирип, 8 тонна унду унаага жүктөтүп, Токмок шаарындагы башка кампага жөнөтүүгө көндүргөн. Кийин ун башка жарандарга сатылып, 224 миң сомду алдамчылар ээлеп алган.

Бул факты боюнча Токмок ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан 209-берене ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Жакында алынган маалыматка караганда, ишкер белгисиз адам менен ундун ири партиясын сатуу жөнүндө макулдашкан. Ал эми алдамчы чыныгы сатуучу менен кардардын ортосунда ортомчу болгон. Ишкер эч нерседен шек санабастан унду жөнөткөн, ал эми 224 миң сом акчаны алдамчы жөнөткөн таксист алган. Андан соң таксист жогорудагы акчак каражатын ортомчунун эсебине которгон.

Комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө алдамчылык фактысына абакта жазасын өтөп жаткан жарандын тиешеси ба экени аныкталган. Ал каракчылык үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан жаран А.А. болуп чыкты.

Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар, жогу текшерилүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13479