Нурланбек Шакиевдин бир тууганы Ленин районуна аким болду
RU

Нурланбек Шакиевдин бир тууганы Ленин районуна аким болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ленин районунун акими болуп Шакиев Жыргалбек Тургунбекович дайындалды. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Жаңы аким Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууган иниси экени белгилүү болду. Ал 1979-жылы Кербен шаарында туулган. Буга чейин Чүй облусунун Чүй районунун администрациясын жетектеп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13483