Этникалык кыргыздарга берилүүчү кепилдиктер жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр кирди
RU

Этникалык кыргыздарга берилүүчү кепилдиктер жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлайт.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 7-июнунда кабыл алынган.

Анда тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселелеринде көчүрүп келүү процессин жакшыртуу, жөнөкөйлөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Эми Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана башка документтерин кабыл алат жана алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтүшөт.

Ошондой эле этникалык кыргыздар жана кайрылмандар бажы чек арасы аркылуу өздөрүнүн автотранспорт каражаттары менен өтө алышат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13487