Кыргызстанда жаңы 5 кесип боюнча билим бериле баштайт. Алар
RU

Кыргызстанда жаңы 5 кесип боюнча билим бериле баштайт. Алар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ала-Тоо" Эл аралык университетинин базасында жаңы инновациялар жана IT медицина университети түзүлөт. Бул тууралуу 18-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиясынын жыйында билдирди.

Жаңы түзүлө турган окуу жайда 5 жаңы кесип боюнча билим берилет:

  • климаттык өзгөрүү;
  • урбанистика;
  • жасалма интеллект;
  • логистика;
  • IT медицина.

Каныбек Иманалиев башталгыч кесиптик билим берүү багытында кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай биргелешкен лицейлерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлганын, 8 колледж алдыңкы тажрыйба борборлору болуп таанылгандыгын, Ош мамлекеттик университетинде М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылгандыгын, ал эми октябрь айында Россия президентинин Кыргызстанга болгон сапары учурунда Москва мамлекеттик университетинин филиалын Караколдо ачуу жөнүндө келишимге кол коюла тургандыгын билдирди.

Ошондой эле министр 2024 - жылы Кыргызстандын билим берүү министрлигине 100 жыл толорун айтып, глобалдык форум өткөрүү мерчемделип жатканын кошумчалады.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13500