Бишкекте №169 маршрутканы жүк ташуучу унаа сүзүп кетти. Бирөө каза болду (видео)
RU

Бишкекте №169 маршрутканы жүк ташуучу унаа сүзүп кетти. Бирөө каза болду (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда жүргүнчү ташыган №169 маршруттук таксини жүк ташуучу унаа сүзүп кетти. Бул учур камерага жазылып калган.

Дарыгерлердин алдын ала маалыматы боюнча, кырсыктан 24 адам жабыркап, дагы бирөө каза тапты. Жаракат алгандардын баш мээси чайкалып, денесинин ар кайсы жерлери көгөргөн. 3 бейтап оор абалда жатса, дагы бир адамдан абалы өтө оор. Азыркы тапта бейтаптарды медициналык кароодон өткөрүү улантылып жатат.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыктын чоо-жайы, жабырлануучулардын саны такталып жатканын, жеринде милиция кызматкерлери жүргөнүн билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13504