Акылбек Жапаров мугалимдер арасында өз предметтерин билүү боюнча сынак өткөрүүнү тапшырды
RU

Акылбек Жапаров мугалимдер арасында өз предметтерин билүү боюнча сынак өткөрүүнү тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акылбек Жапаров бардык директорлордун, башкы мугалимдердин, мугалимдердин билим деңгээлин текшерүүнү талап кылды. Мындай талапты ал Билим берүү министрлигинин 18-июлда өткөн коллегиясында билдирди.

Белгилей кетсек, мугалимдердин билим деңгээлин текшерүү тууралуу маалымат министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын тексттик релизинде болгон эмес, бирок бул тууралуу ал өз сөзүндө билдирди. Ал кайрылууну бул жерден көрүүгө болот.

Министрлер кабинетинин башчысы мугалимдердин билим деңгээли көтөрүлмөйүнчө, окуучулар арасында дагы билим деңгээлди көтөрүүгө мүмкүн эмес деп күтпөш керек деп эсептейт.

"Кийинки окуу жылынан баштап ар бир мугалим өз предметинен экзамен тапшырышы керек. Тиешелүү көрсөтмө берем. Комиссиялар текшерет, анын курамына ата-энелер кирет, кааласаңар депутаттарды, чиновниктерди кошолу. Маселен физикадан сабак берсе, жыл аягында кадимкидей физикадан экзамен тапшырсын.

"Акыркы 30 жылда биз баарына мугалим болууга уруксат бердик. ЖРТдан 110 баллды аша албагандар эптеп окуусун бүтүрүп, мугалим болушту. Биз буга жол бере албайбыз. Ар кимдин билимин текшериш керек: мектеп директорлору гана эмес, предметтик мугалимдер да. 6-7-класстар үчүн текшерүү иштерин өзүлөрү жазып бергендей эле, өзүлөрү тагы текшерүү иш жазышсын. Бир дылда бул ишти уюштургула. Даяр балдардын программасын окуп койбой. Начар билим менен балдарды окутпай эле койсун алардын билим деңгээлин төмөндөткөндөн көрө", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ал ошондой эле экзамендерден кийин өтпөй калганы үчүн кызматын таштап кеткендер көп болорун кошумчалады. Ошондуктан кадрлардын резервин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13517