Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылына чектөө киргизилет
RU

Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылына чектөө киргизилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы 21-июлдан 23-июлга чейин Чүй проспектиси менен Ю.Фучик көчөсүнүн кесилишинде унаа кыймылына чектөө киргизилерин маалымдайт.

Маалым болгондой, аталган бөлүгүндө канализациялык коллектордун курулушу жүрөт. Буга байланыштуу аталган кесилиште кыймыл убактылуу чектелет.

Чүй проспектиси Бишкектин негизги транспорттук жолу болгондуктан, тиешелүү иштер күнү-түнү жүргүзүлөт. Курулуш иштерин тез арада бүтүрүү пландалууда.

"Бишкексууканал" башкармалыгы борбор калаанын тургундарын жана конокторун убактылуу чектөө киргизүүгө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт, анткени бул инфраструктураны жакшыртууга жасалган маанилүү кадам.

Оңдоо иштерине байланыштуу төмөнкү каттамдардын схемалары жарым-жартылай өзгөртүлөт:

  • №2, №10 троллейбустар "Фрунзе заводунун" акыркы аялдамасынан эки тарапка Москва көчөсү менен жүрөт, андан ары маршрут боюнча.
  • №14 троллейбус Д.Сяопин проспектисинен Интергельпо-Москва-Бейшеналиева-Чүй көчөлөрү менен кетет жана андан ары машрут боюнча.

Маалымдама: Курулуп жаткан канализация коллекторунун жалпы узундугу 11 чакырым. Анын саркынды сууларды өткөрүү кубаттуулугу суткасына 100 миң куб метрди түзөт. Аны төшөөдө диаметри 0,6 метрден 2 метрге чейинки темир-бетон түтүктөр колдонулат. Коллектордун иштөө мөөнөтү 70 жылдан ашык.

Долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жана Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланат. Долбоорго 8 миллион евро бөлүнгөн, анын 3,5 миллион евросу насыя, 4,5 миллион евросу грант.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13521