"Артынан кууп барып жазалайбыз". Камчыбек Ташиев чиновниктерге эскертүү берди (видео)
RU

"Артынан кууп барып жазалайбыз". Камчыбек Ташиев чиновниктерге эскертүү берди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чиновниктерге эскертүү берди.

Айтымында, мындан ары жемкорлукка катышытыгы бар мамлекеттик кызматкерлерге катаал, кечиримсиз чаралар көрүлөт.

"Бул жерде жоопкерчиликтүү кызматкерлер отурасыздар. Мен дагы бир жолу эскертип кетейин. Мамлекеттик кызматта иштеп туруп, коррупцияга байланышкан иштерди жасай турган болсоңуздар, катаал чараларга туш болосуздар. Мурдагыдай тааныш-тамыр, жердешчилик, тууганчылык, досчулук деген жок. Жемкорлукка аралаша турган болсоңуздар президенттин тапшырмасынын негизинде ар бириңиздер жоопкерчиликке тартыласыздар.

Мамлекеттик кызматка келерден мурда ойлонгула.

Эгерде пара албай, кызматтык кызыкчылыктан пайдаланбай иштей албасаңыздар ишкердик менен алектенгиле. Бул жерге келип алып, бала-чакаңарды, туугандарыңарды кыйнабагыла. Мамлекеттин бюджетине кол салган чиновник жазаланат. Жазасыз калбайт, бүгүн же эртең, болбосо бүрсүгүнү жаза алат. Иштен кетип калган болсоң да, артыңдан кууп барып жазалайбыз", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13524