Курманкул Зулушев: Быйыл кылмыштуулук былтыркыга салыштырмалуу 24 059га азайды
RU

Курманкул Зулушев: Быйыл кылмыштуулук былтыркыга салыштырмалуу 24 059га азайды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев кылмыштуулуктун жалпы абалы республика боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу 24059 азайганын билдирди.

Бул тууралуу ал бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин конституциялык маселелер, мамлекеттик түзүм жана соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Өлкөнүн башкы көзөмөл органын башчысы оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу прокуратура органдарынын негизги милдети деп кошумчалады.

Кылмыштуулуктун жалпы абалына токтолсом, республика боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштардын саны 24059 азайган, 139 490 (163 549) сотко чейинки өндүрүш иштер катталды, алардын ичинен 78 254 (87 374) кылмыш жана 61 236 (76 175) жоруктар.

Бул багытта прокурорлор тарабынан мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде, ведомстволор аралык ыкчам кеңешмелер уюштурулуп, өзгөчө татаалдыкты түзгөн жазык иштер боюнча тергөө топторун түзүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүп, милдеттүү түрдө аткарылууга жаткан жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөр берилип турду. Натыйжада өндүрүштө болгон кылмыштардын бетин ачуу өткөн жылга салыштырмалуу өсүп, 67,2%ды түзгөн (өткөн жылы 45,2%), - деди Курманкул Зулушев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1352