"Тазалыктын" 100гө жакын кызматкери Рамиз Алиевдин отставкасын талап кылышууда
RU

"Тазалыктын" 100гө жакын кызматкери Рамиз Алиевдин отставкасын талап кылышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Тазалыктын" 100гө жакын кызматкери азыркы жетекчиси Рамиз Алиевдин отставкасын талап кылышууда. Бул тууралуу аталган муниципалдык ишкананын профсоюзу маалымдады.

Анда кызматкерлер президент Садыр Жапаровго жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго кайрылуу жасап, бир катар жүйөөлөрдү келтиришкен.

"Алиев Р.Г. жалпы эмгек жамаатынын өтүнүч, ой пикир, көз караштарын эске албастан, өзүм билемдикке салып, ишкананын абоненттик кызматынын 30 дан ашуун кызматкерине сөгүш жарыялаган. Ал учурда сөгүш алган кызматкерлердин 10 -15 жылкы эмгек стажы жана "Тазалык" ишканасына сиңирген эмгеги эске алынган эмес.

- Алиев Р.Г. "Тазалык" ишканасына директор болуп келгенине 3-4 ай болбой туруп ишканага 19-20 чакты кызматкерлерди өзү мурда иштеген "Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынан ала келип, орчундуу кызмат орундарына кабыл алып жатат", - деп жазылган кайрылууда.

Кайрылуу жолдогон кызматкерлер жана жумушчулар көрсөтүлгөн кемчиликтердин негизинде "Тазалык" ишканасынын эмгек жамааты Рамиз Алиев менен тил табышып иштөөгө мүмкүн эместигин, ошондуктан аны кызмат ордунан келтирүүнү суранышкан.

Бул боюнча азырынча "Тазалыктын" жетекчиси Рамиз Алиев дагы комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13542