Визасыз режимди 180 күнгө узартуу. Кыргыз-түрк министрлери миграция маселесин талкуулашты
RU

Визасыз режимди 180 күнгө узартуу. Кыргыз-түрк министрлери миграция маселесин талкуулашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери кыргыз жарандарынын коопсуздугуна тиешелүү маселелерди талкуулашты. Министрлердин жолугушуусу 20-июлда Анкара шаарында болгонун ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушууга ИИМ министри Улан Ниязбеков, Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев катышты.

Анда Кыргыз тарап бир катар сунуштарды айтты:

  • Түркияга эмгектенүүгө барган Кыргызстандын жарандарынын узак мөөнөткө жүрүүсүн, коопсуздугун камсыздоону;
  • Түркиянын миграциялык саясатындагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен
  • ар кандай себептерден улам өлкөдө жүрүү эрежелерин бузган кыргызстандыктарга тоскоолдуксуз (айыпсыз жана депортациясыз) өлкөдөн чыгып кетүүсү жана кийин мыйзамдаштыруусу үчүн миграциялык мунапыс берүүнү;
  • Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз режимди 90 күндөн 180 күнгө чейин узартууну;
  • Ички паспорттор (ID-карталар) аркылуу өз ара сапарларды жүргүзүүнү.

Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Кыргызстандын жарандарынын аталган өлкөдө жүрүүсүнө уруксат берүүдөн баш тартуу, уруксат баасы (жашап туруу кагазы), ошондой эле Түркиянын медициналык мекемелеринде дарылануу үчүн келгендерге жашап туруу кагазын (ВНЖ) берүү боюнча актуалдуу көйгөйлөргө көңүл бурду.

Андан тышкары Түркия бийлиги тарабынан өлкөдөгү миграциялык кырдаалды жакшыртуу жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошону менен бирге кыргыз тараптын сунуш-талаптарын деталдуу иликтеп чыгууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу боюнча эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ишин улантууну макулдашышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13548