"Дордой" базарынан бомба табылган жок. Видео
RU

"Дордой" базарынан бомба табылган жок. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дордой" базарынын аймагына жардыруучу зат коюлду деген билдирүү такталган жок. Маалыматты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинен Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Такталгандай, бүгүн, 21-июлда саат 09:55 чамасында Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда "Дордой" базарынын аймагы, тагыраагы "Алкан" базарына бомба коюлганы айтылган.

Жерине ыкчам тергөө тобу дароо жөнөп, базардын аймагын курчоого алышып, соодагерлер менен кардарлар эвакуацияланган. Кинологдор издөө иштеринин жүрүшүндө жардыруучу затты табышкан жок, билдирүү ырасталган жок дешти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13551