"Менталдык ден соолук - маанилүү" жаштар форуму өттү
Жаштар психикалык ден соолук жагынан Кыргызстандагы калктын аярлуу топторунун бири болуп саналат. Кыргызстанда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун (РЦУЗиМК) маалыматы боюнча, психикалык жактан катуу жабыркаган жаштардын саны өсүүдө.
Ошондуктан бул теманын маанилүүлүгү жана актуалдуулугу шек туудурбайт. Жаштардын психикалык саламаттыгын жакшыртуу бардык кызыктар тараптардын, анын ичинде жаштардын да көңүлүнүн жана жоопкерчилигинин объектиси болушу керек. Жаштардын психологиялык ден соолугу коомдук саламаттыкты сактоо үчүн маанилүү маселе болуп саналат, ал терең изилдөөнү жана башкара билүүнү талап кылат.
Иш-чара панелдик талкууларды, семинарларды, мастер-класстары жана интерактивдүү иш-чараларды камтыды. Студенттер жана мектеп окуучулары психологдор менен психикалык абалы жөнүндө сүйлөшүп, жашоо балансынын айлампасын чийип, катуу стрессте эмне кылуу керектигин жана өзүлөрүнө психологиялык биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнө алышты. Катышуучулардын менталдык саламаттык жана психилогия тууралуу билим денгээлин жогорулатууга атайын лекциялар да жардам берди.
Психолог Аида Жанышбекова катышучулар менен "Айланаңыздагылар менен мамиле. Кантип абьюздан коргону керек?" темаларында, ал эми эксперт Айнура Сапарова менен өзүн-өзү сүйүү жана жеке чек аралар жөнүндө кеп курушту. Иш-чаранын жагымдуу бөлүгү кесипкөй йога терапевти Аида Козубекова менен жолугушуу болду, ал эс алуу практикасын көрсөтүп, стресс учурунда туура дем алууну үйрөттү.
Биздин форум катышуучулардын жана менталдык ден соолуугуна кам көргөндөрдүн жашоосуна жаңы жана пайдалуу нерсе алып келди деп терең ишенебиз.
Форум "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук фонду тарабынан БУУнун тынчтык куруу фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Бирге" долбоорунун алкагында "Диа" коомдук конду жана "Тынчтык демилгелери" коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө уюштурулду.