ПСЖнын дарбазачысы Жанлуиджи Доннарумманы сабап, үйүн тоноп кетишти
RU

ПСЖнын дарбазачысы Жанлуиджи Доннарумманы сабап, үйүн тоноп кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

BFMTV жана RMC Sport телеканалынын маалыматына караганда, ПСЖ жана Италия курамасынын дарбазачысы Жанлуиджи Доннарумма Париждеги үйүндө сабалып, тонолгон.

21-июлга караган түнү каракчылар дарбазачы менен анын сүйлөшкөн кызын байлап, сабап, жалпы суммасы жарым миллион еврого барабар баалуу буюмдарын алып качып кетишкен. Футболчуну каракчылар бир нече жолу башка урушкан.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин жубайлар өздөрүн бошотуп, жакынкы мейманканалардын бирине жетишкен, аталган жайдын кызматкерлери полиция жана тез жардам кызматын чакырышкан. Футболчу ооруканага жаткырылды, азырынча анын жаракаттары тууралуу маалымат жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13561